Баласына энелик ыраазылыгын билдирүү. Ак сүтүңдү кечкеймин, ботом, Тилегиңе жеткейсиң, ботом (Тоголок Молдо). Арманыңды чеч, эне, Ак сүтүңдү кеч, эне (Токтогул). Алтын апа, кор кызыңдан Ак сүтүңдү кече көр (Аалы).
Бул сөз көбүнчө көз жумаарында эненин балдарына берген ыраазылыгы ирээтинде айтылат. Кээде баласы көз жумаарда же көз жумгандан кийин да эне ушул сөздү айтат. Ак сүтүңдү кечкеймин, ботом, Тилегиңе жеткейсиң, ботом (Тоголок Молдо), Арманыңды чеч, эне, Ак сүтүңду кеч, эне (Токтогул). Алтын апа, кор кызыңдан Ак сүтүңдү кече көр (Токомбаев). В.: Сүтүн кечүү. Сүтүмдөн кечтим, балам, – деп эне уулунун маңдайынан сылады («Ала-Тоо»). Эне сүтүн кечүү. Эне сүтүңдөн кеч, апа («Ала-Тоо»).